«Түндүк» подстанциясына жабдуу сатып алууда 2,5 млн сомдук зыян келтирилген

  • 2 года мурун

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери тарабынан “Түндүк” подстанциясын модернизациялоодо тендердик шарттарга жана ишкана бюджетине дал келбеген жабдууларды сатып алууда жана орнотуу иштеринде 2,5 млн сомдук зыян келтирилген фактыны аныктады.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылы “Түндүк” подстанциясы үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында N.E.C. өндүрүүчүсүнүн релелик коргоочусу жана автоматикасы орнотулушу керек болгон. Бирок ишкананын кабыл алуу комиссиясы тиешелүү шарттарга жооп бербеген башка өндүрүүчүнүн жабдууларын кабыл алган. Бул калкты электр энергия менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратып, техникалык жабдуунун тез бузулушун, ошондой эле бүткүл подстанциялардын иштен чыгышына алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан, орнотмолорду кабыл алуу иштерин жүргүзгөнү аныкталган.

Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Н.М.А. менен Т-Р жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору И.К.С. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди . Тергөө иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты