Түндүк Корея Түштүк Кореяга таштанды илинген 150дөн ашык аба шарын учурду

  • 2 месяца мурун

Түндүк Корея Түштүк Кореяны көздөй таштанды салынган баштыктар илинген 150 аба шарын учурду. Бул тууралуу түштүк кореялык «Рёнхап» агенттиги аскер кызматкерлерине шилтеме кылып кабарлады.

Сеул чек арага жакын жайгашкан тургундарды сак болууга чакырып, белгисиз объектилерди байкаган учурда аскердик базага же полицияга кабар берүү керектигин эскертти.

Алгач аба шарларында пропагандалык кагаздар болушу мүмкүн экени кабарланган. Бирок кийин жергиликтүү басылмалар шарларда таштандылар жана калдыктар болгонун жазышты.

«Рёнхап» агенттиги жарыялаган сүрөттөргө ылайык, ак түстөгү шарларга таштанды салынган баштыктар байланган. Алардан жагымсыз жыт чыгып турганы айтылды.

«Сибирь. Реалии» басылмасы белгилегендей, кээ бирде түштүк кореялык активисттер Түндүк Кореяны көздөй лидери Ким Чен Ынды сындаган сөздөр жазылган баракчалар, ошондой эле өлкөдө тыюу салынган кей-поп аткаруучулардын чыгармалары түшүрүлгөн флеш-карталар тиркелген аба шарларын жөнөтүп турушат.

26-майда Пхеньян «баракчаларды жана башка таштандыларды улам-улам жөнөтүп жатканы үчүн» Түштүк Кореяга жооп болорун эскерткен.

2022-жылы июлда түштүк кореялык активисттер Түндүк Кореяга үч жолу гуманитардык жардам жана медициналык беткаптар илинген ондогон аба шарларын учурушкан. Ага чейин Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө COVID-19 жайылып жатканын билдирген.

Сүрөт: Түштүк жана Түндүк Корея мамлекеттеринин чек арасы. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты