“Түндүк электр” экс-башчысы Кожомкулов мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелүүдө    

  • 1 год мурун

“Түндүк электр”  ачык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азамат Кожомкулов кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) менен шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы прокуратуранын маалыматында айтылгандай, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Түндүк электр”зыян ачык акционердик коомунун кызмат адамдары 107 даана күч трасформатор сатып алууда мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү, 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Ишкананын мурдагы директору Азамат Кожомкулов 2022-жылдын 21-ноябрында кызматтан кетүү тууралуу арызы боюнча кызматтан бошотулган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты