Бишкек электр тармактар ишканасынын директору жана башкы бухгалтери кармалды
- 2 недели мурун
Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейинки аралыкта ишкананын директору А.М. , башкы бухгалтер Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурууга шектелүүдө
Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча каражаттары айлык акы катары көрсөтүлүп, Д.Ш.нын банк эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, катышуучулар арасында бөлүштүрүлгөн.
Натыйжада мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянатпайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 1969-жылы туулган А.М., 1972-жылы туулган Ч.И. жана 1980-жылы туулган Д.Ш. кармалган.
Шектүүлөргө сот тарабынан эки айга камакка алуу чечими чыкты.
Учурда тергөө иштери улантылууда.

Сүрөттөр: ИИМ




