Өтүнүчтөр боюнча окуучулардын жазгы каникулу узартылды  

  • 2 недели мурун

Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы каникулу кыскарып калганы тууралуу кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, эс алууну узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Министрликтин чечимине ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин узартылды. Башкача айтканда, эс алуу мөөнөтүнө кошумча 4 күн берилди.

Окуу планынын толук аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат. Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.

Акыркы коңгуроо аземи 29-майда өткөрүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты