Төмөнкү Ноорус айылында №21 тергөө изолятору ачылды
- 7 часов мурун
- Жаңылыктар
25-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, депутаттар Гүлнара Акимбаева жана Чынгыз Ажибаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы №21 тергөө изоляторунун ачылышына катышты.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Норус айылында жайгашкан. Комплекс 1500 кишиге ылайыкташып, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт.
Мындан тышкары, мекеменин кызматкерлери үчүн 48 батирлүү турак жай комплекси жана спорттук жайлар курулган.
Жаңы мекемеде тергөө камагында кармалгандар үчүн шарттар түзүлүп, кызматкерлердин иштешине мүмкүнчүлүктөр каралгандыгы белгиленди. Ошондой эле камакта кармалгандардын жакындары менен жолугушуу үчүн да тиешелүү шарттар камсыздалган.
Бишкектеги №1 тергөө абагы шаар сыртына чыгарыларын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган. 25-ноябрда Бишкектеги тергөө абагы көчүрүлдү.
Сүрөт: kenesh.kg




