Төмөнкү Ала-Арча муниципалдык башкармалык башчысынын орун басары ири пара опузалоого шектелип кармалды

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Төмөнкү Ала-Арча муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.К.Ч. ири өлчөмдө пара талап кылган деген айып менен кармалган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган Т.К.Ч. күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу пункттарын, ошондой эле акчалай компенсация үчүн мыйзамсыз ижарага алган муниципалдык жер тилкелерин өз коргоосуна алып, аталган иш менен системалуу түрдө алектенген.

4-августта козголгон кылмыш ишинин алкагында Т.К.Ч. 2300 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын өзүнүн иш бөлмөсүнөн пара катары алып жаткан жеринен кармалган.

Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Т.К.Ч. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларды, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттө: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты