Төкмө акын Маратов УКМКдан эскертүү алды

  • 1 год мурун

Төкмө акын Асылбек Маратов 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) эскертүү алганын Фейсбуктагы баракчасына жазып, бирок кийинчерээк анысын өчүрүп койгон.

Төкмө акын  “Т-Медиа” порталына “Быйыл 17-январда Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеде саясий окуяларды кошуп ырдадым эле. Ошол сөздөрүм үчүн эскертүү алдым” деп айткан.

УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.

17-январда төкмө акын Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесинде айтышка катышкан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты