Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 4 недели мурун
Төө-Ашуу ашууда оор жүк ташуучу унаалар үчүн саат 17:40 тартып, (Сосновка постунан) убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Транспорт жана коммуникция министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күнү-түнү инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Сүрөт: Транспорт министрлиги
Муну бөлүшүү




