Сосновка постунда жүк ташуучу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.   

Чектөө Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда саат 11:15тен тартып күчүнө кирди. Мындай чечим № 9 Жол-транспорт инспекциясынын сунушунун негизинде жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарына жол бербөө максатында кабыл алынды.

Сүрөт: Транспорт министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты