Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

  • 1 год мурун

Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Жол тыгыны катталган жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Бүгүн таңкы саат 6:40ка карата, Бишкек — Ош унаа жолунун ашууларында кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда №9 жол тейлөө ишканасынан 12 жолчу, экиден грейдер, жүктөгүч, самосвал жана ички иштер министрлигинен (ИИМ) үч кызматкер иш алып барууда.

Ошондой эле Ала-Бел ашуусунда, Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты