Сузактагы балдар бакчасындагы зомбулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду
- 2 месяца мурун
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан “Кенжетай” балдар бакчасынын кызматкерлери тарабынан тарбияланып жаткан балдарга карата жасалган ырайымсыз мамиле чагылдырылган факты боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Тактап айтканда, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын №1 “Кенжетай” балдар бакчасынын кызматкерлери балдарга ырайымсыз мамиле жасап, ата-энелер бакчада балдарга жетекчиге бир нече ирет кайрылгандыгына тиешелүү чаралар көрүлбөй келген.
Мындан сырткары, текшерүүдө “Кенжетай” балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлери ата-энелерден, балдар бакчанын кызматкерлеринен акча каражаттарын чогултуп келгендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (шалаакылык) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад облустук ИИБге жиберилди.
Кечээ, 2-декабрда, социалдык тармактарга Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан «Кенжетай-1» бала бакчасында орун алган балдарга орой мамиле жасалганы чагылдырылган видео тасма жарыяланган.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бала бакчада баланы жазалап жаткан тарбиячынын мыйзам чегинде жазаланышын талап кылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аталган бала бакчадагы видео тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аталган окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталганын кошумчалады. Текшерүүнүн жүрүшү менен бала бакча кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды.
Сүрөт: Социалдык тармактагы видео тасмадан