Сузакта желекти өрттөп, ак мата илип кеткен окуяны Дин иштери боюнча комиссия териштирип жатат

  • 2 месяца мурун

Сузакта белгисиз кишилер айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуянын чоо-жайын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери да териштирип жатат.

Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Муфтияттын өкүлдөрү бул кырдаалды мамлекеттик органдар иликтеп, чара көрүшү керектигин айтышты.

Белгисиз адамдар Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Бул мектептерде окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүрөт.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, окуя 30-майга оогон түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгон. Саат таңкы 04:15 чамасында Сузак райондук милициясына Бек-Абад айылынын тургуну кабар берген. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери фактыны жеринен аныкташкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети окуя болгон айылда “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” уюмунун мүчөсү деп шек саналган алты киши кармалганын билдирди. Бирок байракка байланыштуу жагдайга алардын тиешеси бар же жогу айтылган эмес.

Милиция шектүүлөр изделип жатканын, аймакта түшүндүрүү иштери башталганын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты