«Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду». Текшеребиз

Кечээ, 19-ноябрда Санрабия Сатыбалдиева аттуу “Фейсбук” колдонуучусу өзүнүн баракчасында Сузак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Абдусамад Мехманов “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакыт Төрөбаевдин үгүт иштерине аралашууда деген билдирүү калтырган. Муну менен ал “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы административдик ресурсту колдонуп жатат” деген пикирин билдирген. 

Мындан сырткары далил катары Төрөбаев менен Мехмановдун спортзалдын ичинде бирге түшкөн сүрөтүн жарыялаган. 

"Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду". Текшеребиз

Бул билдирүүнүн алдында айрымдар “мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек” деген пикирин жазса, айрым колдонуучулар “Мехмановдун аракети мыйзамдуу, жергиликтүү кеңештин депутаттары үгүт жүргүзүүгө укуктуу” деген пикирлерин калтырышкан. 

ПолитКлиника медиасы Абдусамад Мехмановдун бул аракетинин мыйзамдуулугун текшерип көрдү. 

Абдусамат Мехманов деген ким?

Абдусамат Мехманов — Жалал-Абад облусундагы Сузак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары. Кесиби боюнча тиш доктур. Мындан тышкары Сузактагы “Голден Сузак” спорт комплексинин башкы директору.

"Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду". Текшеребиз

Жогоруда сөз болуп жаткан үгүт иш-чарасында тартылган сүрөттөн иш-чара дал ушул “Голден Сузак” спорт комплексинин залында өткөнүн көрүүгө болот. Муну аталган жайда тартылган башка видеолордун үзүндүлөрү тастыктайт. 

"Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду". Текшеребиз
2021-жылы 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо алдында даярдалган видеодон үзүндү.
"Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду". Текшеребиз
2021-жылы 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо алдында даярдалган видеодон үзүндү.

Абдусамад Мехмановдун үгүт иштерине аралашуусу мыйзамдуубу?

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конситуциялык мыйзамынын 22-беренесинде үгүт жүргүзүүнүн эрежелери көрсөтүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз деп жазылган.

"Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду". Текшеребиз

Ал эми “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин кызмат орду саясий муниципалдык кызмат орундарынын тизмесине кирет.

"Сузакта вице-спикер үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузду". Текшеребиз

Маалымат үчүн

Кечээ, 19-ноябрда “Азаттык” радиосу Талас облустук милициясы шаардык кеңештин вице-спикери талапкерлердин биринин үгүт иштерине аралашканы жөнүндө арызды териштире баштаганын жазган. 

Маалыматка ылайык, №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бактыбек Чойбековдун үгүт иштерине шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Азиз Курамаевдин катышканы жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү тобу 18-ноябрда жарыялаган. М. Калмырзаев аттуу жаран Боршайкомго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана прокуратурага арызданып, Чойбеков 30-октябрда Талас районунун Көк-Ой айылында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жаткан жерде Курамаев да жүргөнүн жана ал талапкерге үгүттөгөнүн билдирген. Вице-спикерлик кызмат саясий муниципалдык кызматтар тизмесине кирери, шайлоо мыйзамынын талаптары боюнча ал үгүткө катышууга укугу жок экени айтылган.

Жыйынтык: Сузак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Абдусамад Мехманов үгүт иштерине аралашуу менен шайлоо мыйзамын бузганы анык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты