Жолду кеңейтүү үчүн айылда турак-жайларды бузуу талабы коюлууда. Депутат Акимбаева билдирди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 25-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Гүлнара Акимбаева Сузак районунун Кыз-Кол айылында жолду кеңейтүү үчүн айылдын 90% үйлөрүн бузуу талабы коюлуп жаткандыгын билдирди.   

-Сузак районунун Кыз-Кол айылынын тургундары кайрылып жатышат. Ушул жылдын 26-февралына чейин Кыз-Кол айыл өкмөтүнүн башчысы жолдун жээгинен 15 метрден 22 метрге чейин кеңейтүү үчүн эки күндүн ичинде турак жайларын өз ыктыяры менен бузуу жөнүндө тургундарга талап коюп жатыптыр. Эгерде аткарылбаса, мажбурлоо чаралары көрүлөрү жөнүндө эскертүү берилиптир. Айыл тургундарынын айтуусу боюнча, алардын колунда жерлерине мыйзамдуу мамлекеттик актылары бар. Эгерде бул чечим ишке ашса, айылдын 90 пайыз турак үйлөрү бузулууга жатат экен. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, азырк мезгилде, кышында, бул турак жайлар бузулса, жарандар, алардын үй-бүлөлөрү, жаш балдардын укуктары одоно түрдө бузулушу мүмкүн. Андыктан, аталган чечимдин мыйзамдуулугун дыкат текшерип, жарандардын Конституциялык укуктарын коргоо максатында ыкчам чара көрүүңүздөрдү суранам, -деди депутат Акимбаева.  

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты