Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу завод ачылды
- 1 месяц мурун
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу завод ачылды. Ишкананын кубаттуулугу жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.
Ишкананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да катышты.
МинКаб төрагасы өлкө боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.
Касымалиев бүгүнкү күндө гипс продукциясын импорттоодон көз карандылык жогору бойдон калып жатканын, анын импортунун көлөмү 2025-жылдын 9 айында 8,5 млн чарчы метрди түзгөнүн билдирди.
Анын айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миллион чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.
Сүрөт: gov.kg




