Сузакта окуучулар токмоктогон бала кайтыш болду

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылында жогорку класстардын окуучулары токмоктогон 8-класстын окуучусу каза болуп калды.

Бл тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан “Клооп” басылмасына билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, окуучу бала токмок жегенден улам көз жумган.

 Маалыматта айтылгандай, 1-мартта саат 16:30дарда милицияга жергиликтүү  тургун чалып, Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте анын 15 жашар бир тууганын белгисиз балдар токмоктоп качып кеткенин кабарлаган.

Токмоктоодон жабыркаган баланы ооруканага алып барышкан, бирок дарыгерлер аман алып кала алышкан эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал бала окуган мектептин 10-классынын окуучулары 9-класстын төрт окуучусун эски мектептин имаратына алып барып, катарга тургузуп, четинен токмоктой баштаганы белгилүү болгон. Сабалган балдардын бири жыгылып түшүп, башы менен ташка тийип, эс-учун жоготкон. Эсине келбеген бойдон ал ооруканада көз жумган.

Бул кылмыш иши боюнча “киши өлтүрүү” беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон жана 2006-2007-жылдары туулган балдар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.     

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты