Сузакта диний сабактарды мыйзамсыз өткөндөргө айып пул салынды  

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан “Хадича Бинт Хувайлид” медресеси уруксат кагаздары жок аялдарга жана окуучу кыздарга мыйзамсыз диний сабактарды окутуп жаткандыгы аныкталган.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу Сузак районунун Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган  Б.Р. аттуу аялга укук бузуулар жөнүндө кодекстин 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынган.

Диний экстремизмдин алдын алуу максатында район аймагындагы каттоодон өткөн медреселерде, диний окуу борборлорунда, мечиттерде жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты