Сузак: Жеке ишкерлер каржылаган төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды   

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи болду. Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жеке ишкерлер тарабынан 270 миллион сом бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган. Курулуш иштерин  Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы колго алган.

Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү маалымдалды.  

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты