Сузак районунда эки медресе ишине бөгөт коюлду

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтфлгандай, Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды.

Эркектер медреседе 25тен ашык балдар (9 жаштан 18 жашка чейин) окушкан, студенттер медресенин аймагында жашашкан. Жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес, медреседе сабактар күн сайын 08-00-дөн 17-00гө чейин болуп турган.

Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09-

00дөн 16-00гө чейин сабактар өтүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес.

Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган. Алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн.

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 8, 10-беренеси, 142-беренесинин 1-бөлүгү, КР «Жол бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Мындан тышкары жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты