Сузак райондук салык инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды
- 2 года мурун
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.
23-февралда мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.