Сузак райондук калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн баш адиси пара менен кармалды

  • 2 года мурун

Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 6-декабрында Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга пособие алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен УКМКга кайрылган.

Буга байланыштуу, арыздын материалдары кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты