Суучулдар Ысык-Көлдөн синтетикалык эски торлорду алып чыгышты
- 2 месяца мурун
- Видео
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы булуңдарды тазалоодо. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ысык-Көл түбүндөгү экологиялык тазалык үчүн күрөш тынымсыз уланып, суучулдар топторго бөлүнүп иш алып барууда.
Кечээ, 17-октябрда, суучулдар суу астынан 1600 метр узундуктагы синтетикалык эски тор алып чыгышты.
2024-жылы суучулдар жалпы аянты 435 961,01 гектарды түзгөн суу алдынан 14 125 кг таштанды, 112 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышса 2025-жылы 8-октябрга чейин 76 300 метр тор чыгарышкан.
Сүрөт: ӨКМ видео тасмасынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




