Суучулдар жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 76 миң метрден ашык тор чыгарышты
- 1 месяц мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары Ысык-Көлдүн Тоң районундагы аянтын тазалап, 8-октябрь күнү кечке чейин 1900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Тазалоо иштери бир гана Ысык-Көлдүн үстүнөн гана эмес суучулдар суу астына чейин түшүп, бир канча метрлеген тереңдиктен торлорду алып чыгууда.
2024-жылы суучулдар жалпы аянты 435 961,01 гектарды түзгөн суу алдынан 14 125 кг таштанды, 112 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышса 2025-жылы 8-октябрга чейин 76 300 метр тор чыгарышкан.
2023-жылдын 12-мартынан бери Ысык-Көлгө зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши кеңири түрдө башталган.
Муну бөлүшүү




