Суу кундузу көрүндү. Башка аймактан келдиби же мурдагыларбы, изилдөөгө алынат   

  • 2 месяца мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жакында өлкө аймагында он жылдан бери биринчи жолу ортоазиялык суу кундузу катталганын маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркындагы кызматкерлер Солтонбеков Кочорбай жана Бейшекеев Азамат Казакстан менен чектеш Турук дарыясында суу кундузун видеого тартып алышкан.

Бул — Кыргызстандын аймагында жаныбардын ушул түрүнүн соңку он жыл аралыгында биринчи катталышы болуп калды.

2023–2025-жылдары Кызыл-Суу, Чаткал, Түп, Көкөмерен жана Чүй дарыяларында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө суу кундуздарга тиешелүү эч бир издер табылган эмес. Бул көрүнүш жаныбардын ал түрүнүн өлкөдө толук жоголуп кетүү коркунучун күчөткөн. Бирок жаңы видеокадрлар суу кундуздарын Казакстандын аймагынан убактылуу кирип келиши мүмкүн экенин тастыктады.

Министрлик Турук дарыясынын нугун андан ары изилдөө зарылдыгын, жолуккан суу кундузу жалгыз мигрант болгонбу же аймакта жашаган топ сакталып калганбы, мунун себебин изилдемекчи.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты