SuperTV журналистин  ЖК жыйынына киргизбей коюшту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-майда, SuperTV телеканалынын журналистине Жогорку Кеңешке журналисттик милдетин аткаруу үчүн кирүүгө тыюу салынды. Ошол эле учурда анын себеби тууралуу түшүндүрмө берилген эмес.

Бул тууралуу редакцияга аталган телеканалдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчилигинин бул аракеттери сөз эркиндигин чектөө болуп саналат жана Баш мыйзамыбызда көрсөтүлгөн жарандардын маалымат алуу укугун тебелейт.  

Эске салсак, буга чейин 11-майда Жогорку Кеңештин имаратында депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын журналистине орой мамиле жасалып, адамдык аброюна шек келтирилген. Андан сырткары, депутат тарабынан журналистке коркутуу жана физикалык басым орун алган.

Ошол күндөгү окуя боюнча эске салсак, журналист сюжет даярдап жатып, ашканада отурган депутаттарга сураныч иретинде кайрылган. Депутат Нарматова тарабынан журналистке жогоруда айтылган агрессивдүү аракеттер болгон.

SuperTV телеканалы депутат Нарматова жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кечирим сурабаса, сотко кайрыларын эскертет.     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты