Ташиев Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары кадр маселесине кийлигишип жатканын айтты  

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушууда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары түштүктөгү кадр маселесине кийлигишип жатканын айтты.

Ноокат районунан депутат Надира Нарматова тынбай өзүнүн кадрларын сунуштап турат.

«Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн директору Назипакан Тажибаева — анын досу. Аны кадр маселесине жолотпогула. Ушул эле райондо депутат Бакытбек Марипов РЭСтин директорлугуна кимди дайындаш керек экенин көрсөтүп жатат. Эч кимге жол бербегиле. Чоң-Алай районунда эл өкүлү Улан Примов аким Шамыркановго таасир эткен, анын жыйынтыгында Н.Болшанов жетекчи болуп дайындалган. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы»

Кара-Суу районунда депутат Данияр Төлөнов кадр маселесине кийлигишип жатат. Өзгөндө Улугбек Ормонов, Алай районунда Улан Примов менен Таалайбек Сарыбашов кадр жана уюштуруу иштерине такай кийлигишип келерин кошумчалады.

Ташиев жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, депутаттардын кадр саясатына кийлигишүүсүнө жол бербөөнү эскертти.

«Урматтуу мамлекеттик органдын жетекчилери, силердин мамлекеттик ишиңерге эч ким кийлигишпеши керек. Жогорку Кеңештин депутаттары, келип алып «тигини кызматка кой, тигини кызматтан ал» дегенди токтоткула! Андай болбош керек. Жогорку Кеңештин депутаттары кайсы кадр маселерине кийлигишкени боюнча менде маалыматтар бар. Ушул маселелерге кийлигиштирбегиле. Эгер дагы кайталана турган болсо, биз чечимдерди кабыл алабыз. Муну жакшылап карап, жол бербегиле» деди Ташиев.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты