Редактордун кайрылуусу. «Журналисттер бийликке душман эмес”

  • 2 месяца мурун

Урматтуу, “ПолитКлиника” медиасынын окурмандары! Мен кечээки Курултайда биздин медианын аты аталганы үчүн жооп жазып коюуну туура көрдүм.

Курултайдын делегаты “сиздин жасаган туура иштериңизди манипуляция кылып жүргөндөр бар, мына ошол “Азаттык”, “Кактус”, “ПолитКлиника” маалымат каражаттарына дагы сөз берип койбойлубу” деп сүйлөдү.

Мен “ПолитКлиника” тууралуу айта турган болсом, биз эч качан манипуляция кылбайбыз. Тескерисинче, манипуляцияга, дезинформацияга каршы күрөшүп, медиа сабаттуулукту өстүрүүгө салым кошкон медиабыз. Биздин сайттын Фактчекинг бөлүмүн окуп чыксаңыз буга ынанасыз.

“Сөз берсек, келбей койду”деген доомат боюнча. Биз журналистпиз, ошон үчүн өз оюбузду айтуу үчүн эмес, суроо берүү үчүн пресс-конференциялар уюштурулушу керек. Биз Курултайда сүйлөй турган саясий оюнчу эмеспиз.

Маалымат каражаттарынын жетекчилери үчүн уюштурулган иш-чарага барып катышып, президентке сунуштарымды айтканымды да белгилеп кетейин.

Массалык маалымат каражаттарын душман катары санаган көз караштын өзү туура эмес. Оппозициясына дагы, пропозициясына дагы тиешебиз жок. Садыр Жапаровдун бийлиги болобу, башка президенттердин бийлиги болобу, биз коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдырып турабыз. Анын ичинде бийликтин лента кескен ишканалары, жасаган жолдору тууралуу деле материалдар бар.

Анан, албетте, мыйзам бузулган учурларын, коррупциялык схемаларды дагы ачып берип турабыз. Мунун эмнеси жаман? Тескерисинче, биз бийликке жардам берип жатпайбызбы? Бийлик эркин журналисттердин ишин пайдаланбайбы? Биз дагы ушул эле өлкөнүн жарандарыбыз! Эмнеге бизди өгөйлөгөн мамиле жасалат?! Биздин мекенибиз бир! Баарыбыз Кыргызстан деген бир кеменин ичиндебиз! Мына ошол кеме чөкпөсүн, туура багытта сүзсүн деген аракетибиздин эмнеси жаман?

Кыргызстанда баш-аламандык болушун биз каалабайбыз, бийлик шайлоо жолу менен мыйзам чегинде алмашкан маданият калыптанса деген тилектебиз. Муну мен Президент менен маалымат каражаттарынын жетекчилеринин жолугуусу учурунда да айткам. Бийлик деле түбөлүктүү эмес да, кайсы бир учурда азыркы бийлик өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатса, ошол жерде чагылдырып биз жүрөбүз, азыркы кошомат айткан адамдарды ошондо таппай каласыздар!

Эми гранттар боюнча. Эл аралык уюмдар көз карандысыз медиаларга гранттык сынактарды жарыялайт, ал сынактар ачык болот. Өзүнө ишенген массалык маалымат каражаттарынын баары катышат, күчтүүсү жеңет. Ал гранттар эмнеге берилет? Демократиялык институттарды бекемдеш үчүн, көз карандысыздыгыңды сактап калуу үчүн берилет. Алар эч качан редакциялык саясатыңа кийлигишип, муну жаз же муну жазба деп көрсөтмө беришпейт жана бере да алышпайт!

Грант алган мыйзамсыз иш эмес, мамлекет да гранттарды алат. Биз алган гранттарыбыздын салыгын төлөп, ачык иштеп келебиз. Эгер гранттык каражаттарды албасаң, анда кайсы бир саясатчынын акчасын алышың керек болот, анткени бизде рекламалык рынок кичинекей. Саясатчылардын акчасын алсаң, анда сен ошонун айтканы менен иштеп, чындыктан таясың.

Мен буга чейинки кайрылууларымда да жазып келем: Биз гранттардан дагы көз карандысыз болгон деңгээлге чыккыбыз келет. Ал үчүн ушул постту окуп жаткан ар бир жаран бизге жардам бере алат. Бизге реклама жайгаштырыңыздар, патреондон колдоңуздар!

Урматым менен, “ПолитКлиника” медиасынын башкы редактору Дилбар Алимова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты