Депутат кыздарга аскерге барбаган жигиттерге турмушка чыкпоону сунуштады

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова кыздарга аскерге барбаган жигиттерге турмушка чыкпоо сунушун айтты. Аны төрага Нурланбек Тургунбек уулу колдоп, Райкандын ырын айтып берди.  

-Баштапкы аскердик тарбия берүү мектептерин, 2 миңден ашык аскердик тарбия мектеп болсо, ошол мектептин ар бирине өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгышсын. Союз мезгилинде биз мектептен үйрөнүп чыкканбыз. Ошолор жаман болгон жок. Ар бир мектепте баштапкы аскердик билим берүү базасын түзүп чыккыла. Аскердик билими бар мугалимдерди кабыл алып, буйрукту өзүңөр чыгарышыңар керек. Аскердик билим бере турган мугалимдер силердин алдыңарда отчет берсин. Керек болсо, ачык эле айтыш керек, аскерге барбаган жигиттерге кыздар турмушка чыкпай эле койсун.  Аскерде кызмат кылбаса, элин коргоого жарабаса, ошон үчүн үй-бүлөгө жоопкерчилик жок болуп, ажырашкандар көбөйүп жатат, тирүү жетим балдардын саны көбөйүп жатат. Эркек балдарыбыздын мүнөзү жумшак болуп, эрке талтаң болуп, жоопкерчиликте сезбестен, үй-бүлө институту талкаланганы ушундан болуп жатат. Эркектерибиз өзүнүн үй-бүлөлүк кожоюнчулугун сезиш керек. Ошон үчүн аскерде кызмат өтөш керек,- -деди депутат Надира Нарматова.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Надира Нарматованын пикирине кошулуп, бул туурасында Райкан Шүкүрбековдун ырын эстеди:

“Армияга барбаса/ Окуп-билим албаса/ Ал бала жөн эле/ Илинип турган колбаса”

“Анын сыңарындай, жигиттер сөзсүз аскерге барышы керек. Анан аскерде өзүнүн эрежеси, тартиби бар. Катуу тартип болуш керек, анча-мынча какыс-кукус болот. Ошонун баарына ызылдай берген болбойт.  Албетте, чектен ашып кеткен учурларда, атайын комиссия тиешелүү жазаларын берет. Бирок армия катуу болуш керек. Армияда катуу тартип болбосо, анча-мынча какыс-кукус болбосо, анда ал жөн эле эс ала турган жай эмес, ал жерде кызмат өтөгөндө ошону менен жигиттер бышат. Анан коомчулук болор-болбос нерсеге ызылдап чыга калган туура эмес. Аша чаап кеткен учурларды көз жаздымда калтырбай, жазалайбыз,   -деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.   

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңеш Коргоо министрлигине Руслан Мукамбетовду дайындоого макулдук берди.

Сүрөттө: Надира Нарматова. kenesh.kg   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты