Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган адам коё берилди

  • 2 года мурун

Сузак районунда тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган жаран кайра коё берилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу шектүүнүн жактоочусу Мунар Сулаймановдун маалыматына таянып жазды.

Анын айтымында, кармалган адам күбө катары суракка чакырылып, суроо-жооптон кийин үйүнө коё берилген.

Бул маалыматты милиция дагы ырастап, шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдады.

“Жактоочу шектүүнүн психикалык жактан жабыркагандыгын, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок кылмышты жасагандыгын айтып, окуя болгон жерде көрсөтмөлөрдү берген. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бүгүн, 23-декабрда билдирген.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жер төлөөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз болгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган.

Жалал-Абад облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон сабакка барган эмес.

Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты