Султанбаев: Президент VI чакырылыштын депутаттары менен жолугушпайт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүткөн VI чакырылышынын депутаттары менен жолугушуу өткөрүү планында жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейин айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып, Жапаров VI чакырылыштын депутаттарын сый тамакка чакырганын жазган.

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттары ант берди.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты