Султанбаев: Министрлер кабинетинин алмашары тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

  • 2 года мурун

Президенттин басма катчысы Эрбол Султанбаев Министрлер кабинетинин айланасында жүрүп жаткан айың кептер тууралуу үн катты.

“Акыркы убакта коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөздөр жүрүүдө. Ушуга байланыштуу, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз.

Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 млрд сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ал президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты