Студенттерден 2 күндө 300 миңдей сом чогултууга шектелүүдө.  ЖОЖ деканынын орун басары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысы аныкталды.

УКМК басма сөз кызматы, 30-майда билдиргендей,       27-майдан 29-майга чейин аталган университеттин гуманитардык-педагогикалык факультетинде Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамен өткөн. Анын жүрүшүндө аталган факультеттин деканынын орун басары Д.у.Д., экзамендик комиссиянын мүчөлөрү К.У.Б., А.О., К.Р., А.Н. жана А.А. менен сүйлөшүп, студенттерге жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, экзамендин эки күнүндө студенттерден болжол менен 300 000 сомго жакын акча каражаты чогултулган. 

Топтолгон  материалдардын негизинде,  28-майда УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү( Опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, декандын орун басары Д.у. Д. УКМКнын тергөө абагына камалды.

Тергөө иши улантылып жаткандыгы айтылды.  

Студенттерден 2 күндө 300 миңдей сом чогултууга шектелүүдө.  ЖОЖ деканынын орун басары кармалды

Баш сүрөт: видеодон

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты