«Ак илбирс» спектаклинин бет ачары өттү

  • 3 недели мурун

Кечээ, 7-апрелде, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрында «Ак илбирс» спектаклинин бет ачары өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Спектаклди белгилүү жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовтун “Ак илбирс” чыгармасынын негизинде, Жамал Сейдакматова атындагы «Тунгуч» жаштар драма театры даярдаган.

“Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бара жаткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт. Режиссёру-Гаухар Ажигулова.

Спектакль 16-17-19-апрелде “Сейтек” балдар борборунда көрүүчүлөргө тартууланат.

Сүрөт: Маданият министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты