Студенттер Акаевдин лекция окушуна каршы кайрылуу жолдошту
- 1 год мурун
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды.
Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга «Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын — мен шылдыңдоо катары эсептейм» деп жазды.
Ректорат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.
2005-жылы март окуясында кызматынан четтетилип, Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам менен чогуу 20-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланган. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстандын жогорку окуу жайларында лекция окуй турганын билдирген.
Үй-бүлөсү менен Москвада баш калкалап жүргөн Аскар Акаев өткөн аптада Казакстандагы окуу жайларда лекция окуп келген.
Аскар Акаев 2005-жылдан бери Кыргызстанга алгачкы жолу 2021-жылы 2-августта «Кумтөр иши» боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн келген. Ал Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.
Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындап, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.
Акаевге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.
Сүрөт: RFE/RL