Парламенттин алтынчы чакырылышынын акыркы жыйыны өтүүдө

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-декабрда, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын акыркы жыйыны болуп жатат.

Парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын октябрында шайланып келген. Анын мөөнөтү 2020-жылы аяктамак. Бирок 2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жокко чыгарылып, бул чакырылыштагы депутатттардын мөөнөтү узартылган.

Жогорку Кеңештин YI чакырылышы  120 депутаттан турат. Алар партиялык тизме менен шайланып келген.

Жогорку Кеңештнн жетинчи чакырылышы 90 депутаттан турат. Алар партиялык тихме жана бир мандаттуу округдан шайланды. Учурда 90 депутаттын 87си аныкталды. Бир мандаттуу округ боюнча Бишкек шаарындагы эки округда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп табылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты