ЖКнын VII чакырылышынын алгачкы жыйыны качан өтөрү белгилүү болду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи отуруму ушул жумада өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

БШКнын маалыматына караганда, азыркы тапта талапкерлердин документтерин текшерүү жүрүп жатат. Текшерүү шаршемби күнү, 22-декабрда аяктары күтүлүүдө. 23-декабрда, бейшемби күнү жыйындын ачылышы өтөт.

Жыйынды чакырыштын эң улуу депутаты ачат. Ал эми жаңы чакырылыштын эң улуу депутаты — «Ынтымак» партиясынан талапкер Шарапаткан Мажитова. Ал төрайымдын милдетин жаңы спикер шайланганга чейин аткарат.

Азыркы тапта 90 депутаттын 87си аныкталды. Бир мандаттуу округ боюнча Бишкек шаарындагы эки округда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп табылган.

№31 Чүй-Кемин округунан шайлоочулардын көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер Медербек Саккараевден Казакстандын жарандыгы аныкталганы үчүн БШК аталган талапкердин каттоосун жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты