Шайлоо-2021: Даярдык кандай?

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда, борбор калаадагы шайлоо участкаларынын биринин мисалында парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мамлекет башчысына шайлоого даярдыктын жүрүшү, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептөөчү жабдуулардын даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бардык шайлоо участокторунда добуш берүү процессинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар көрүлгөн.

Нуржан Шайлдабекова шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрүн жана добуш берүүнүн жол-жобосун, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун, добуш берүүнүн жана бюллетендерди автоматтык эсептөөчү урналарга салуу жол-жоболорун көрсөтүп берди.

Эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты