Президент Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Кытай Эл Республикасынын vамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагын сугат суу менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ болгон айланып өтүүчү Чүй каналы-2 (ОЧК-2) долбоорунун ишинин башталышын канааттануу менен белгиледи. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдо болгон суу ресурстарын кыйла үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

Президент ошондой эле өлкө үчүн маанилүү улуттук долбоор болгон «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурду. Тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жакшы каалоолорун жана саламын айтты.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тарап үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.

«Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз», -деди ал.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты