Хайнань аралына Бишкек – Санья багыты боюнча чартердик каттам ишке киргизилет

2026-жылдын декабрь айынын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек – Санья – Бишкек багыты боюнча түз каттамдардын чартердик программасын аткара баштайт.

Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому (ААК) билдирди.

«Түз аба байланышынын ачылышы Кыргызстандын жүргүнчүлөрүнө Кытайдын популярдуу курорттук багыттарынын бири болгон Хайнань аралындагы Санья шаарына (Кытай) ыңгайлуу жана эч кандай кайра отуруусуз жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жаңы чартердик программа Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туристтик сапарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, Бишкек шаарынан учуп баруучу жүргүнчүлөр үчүн дагы бир кошумча түз каттам болуп калат» деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаары менен Бишкектен түз авиакаттамын ишке киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

Санья – Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан курорттук шаар жана Кытайдагы эң популярдуу туристтик багыттардын бири. Шаар тропикалык климаты, деңиз жээгиндеги курорттору жана пляждары менен белгилүү болуп, жыл сайын көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты