Президент Жапаров БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгынын имаратында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Антониу Гуттериш Кыргыз Республикасы ал БУУнун Баш катчысы катары барган алгачкы өлкөлөрдүн бири экенин кошумчалады.

Антониу Гутерриш Садыр Жапаровдун тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелерин колдой турганын баса белгиледи.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Баш катчы Садыр Жапаровго адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканына көңүл бурду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУ алкагындагы өнөктөштүгүнө быйыл 30 жыл толгонун эске салды.

 Өткөн мезгилдин ичинде Кыргызстандын демилгеси боюнча Башкы Ассамблея эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери боюнча резолюциялардын ири блогун кабыл алды.

Кыргызстан, БУУнун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары, өзүнө алган милдеттерин жана Уюмдун Уставын жактайт.

 Садыр Жапаров белгилегендей, өкүнүчтүүсү, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасындагы негизсиз агрессиянын фонунда өтүп жатат.

Ал 14-, 15- жана 16-сентябрда мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салганын эске салды.

Садыр Жапаров Кыргызстан Башкы катчынын Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлүүсүн жана көрсөтүп жаткан колдоосун жогору баалай турганын белгилеп, өлкөгө берген жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров  учурда Кыргызстан 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо идеясын илгерилетип, бул жөнүндөгү Башкы Ассамблеянын 77-сессиясынын резолюция долбоорун демилгелегенин айтып берди.

Буга байланыштуу ал көп тараптуу каржы институттарына Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүгө инвестиция салууга, тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга жана аларды чечүүгө көбүрөөк инвестиция салууга чакырды.

Садыр Жапаров 20-сентябрдя БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын дебаттарында сөз сүйлөдү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты