Кыргызстандык окуучулар физика боюнча эл аралык олимпиадада үч коло медаль жеңип алды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын окуучулары 8-13-ноябрда Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы физика боюнча эл аралык олимпиадада (IAFPhO 2021) 3 коло медалга ээ болду.

Мелдешке 19 өлкө катышты. Биздин өлкөбүз офлайн форматта катышты.

Олимпиадага 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаров коштоп барышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медаль жеңип алышты.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты