Надира Нарматованын орунсуз демилгелери жана жоруктары

Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты Надира Нарматова орунсуз демилгелери жана аны менен байланыштуу чуулуу окуяларга бай.

Мурда күнү эле Надира Нарматованын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушкан видеосу тарады. Видеодо Надира Нарматова министрден тууганын кардиология бөлүмүнө жумушка киргизүүсүн суранган.

Министр өз кезегинде “резюмеси жок эле директорго бара берсин”деген эле. Видео ЖМКларда тарап кеткен соң, Надира Нарматова “мен тууганымды жумушка киргиз деген эмесмин, журналист мага жалаа жаап жатат”деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Надира Нарматова: “Журналисттердин көзүнчө адам катары учурашып, тамашалашып, сүйлөшө да албай калган заман болуп калбадыбы?! Ар бир сөздү бурмалап жалаа жаап жазышып. Ал жерде жумуш сурап суранган жөнүндө сөз сүйлөнгөн жок.”

Алымкадыр Бейшеналиев болсо, Надира Нарматованын жумуш сураганын тастыктады.   Журналисттерге кардиология, кардиотерапия бөлүмдөрүндө адистер жетишпей жатканын айтып актанган.

«Штат жетишпейт. Баары жеке уюмдарга кетип калышкан. Ал жаш адис экен (ред.-Надира Нарматованын тууганы тууралуу). Директорго жибердим, ал карап көрүп чечет.”

Ошентип, министр Алымкадыр Бейшеналиев депутат Надира Нарматованын калпын чыгарды.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарматова коомчулукта дагы кандай билдирүүлөрү менен белгилүү, төмөндө айрымдарын тизмектеп беребиз.

“Депутаттарга жакшы иштөө үчүн жардамчы, консультант, кызматтык машина, батир керек”…

7-чакырылышка депутат болуп келген соң, Надира Нарматованы түйшөлткөн биринчи маселе депутаттарга каралган шарттар болгон. Ал Жогорку Кеңештин ошондогу төрагасы Талант Мамытовдон «депутаттарга иш шарттарын жакшыртууну» талап кылган эле. Надира Нарматова депутаттарга жакшы иштөө үчүн консультант жана жардамчы керектигин, кызматтык машина, батир, бензин маселелерин да кайра карап чыгуусун суранган

5-чакырылыштын депутаты кезинде да Надира Нарматова депутаттардын кирешеси алардын макамына, жумуш көлөмүнө жараша болушу керектигин билдиргени бар. Анын пикиринде эл өкүлдөрүнүн иши үчүн моралдык чыгым да төлөнүшү зарыл.

“Армияда альтернатива кызматын 500 000 сомго көтөрүү”…

Надира Нарматова армияда кызмат өтөбөгөн жигиттерди өлкөдөн чыгарбаш керектигин айткан.

Буга чейин 23 жашка толо элек кыздарды да чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салыш керек, — деп билдирген эле. Мындан тышкары мектептен баштап эле жогорку класстын окуучуларын аскерге даярдыктан өткөрүү зарылдыгын белгилеп, альтернатива кызматын алып салуу керектигин же болбосо ал үчүн 500 000 сом төлөш керек, — деп чыккан.

Депутат айымдын бул демилгеси коомчулукта кызуу талаш-тартышты жаратты. Парламентарий Дастан Бекешев билдиргендей,, бул сунуш туура эмес жана келесоолук.

Дастан Бекешев: “Эгер бул демилге ишке ашса, анда армияда кедейлердин балдары гана кызмат өтөп калат. Байлар 500 000 сом төлөп, балдарын ачык эле армиядан алып калат.  Ансыз деле учурда алар балдарын армияга жөнөтпөш үчүн жашыруун амалдарын көрүп жатышат.”.

Надира Нарматова — чет элдик агент?…
Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кызуу талкууга алынды. Документке ылайык, коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси бекитилет, мамлекет тарабынан уюмдардын контролдоо укуктары кеңейтилет жана “чет элдик бейөкмөт уюм” түшүнүгү киргизилмекчи. Депутаттардын мындай демилгеси эл аралык уюмдардын, эксперттердин жана жарандык коомдун кооптонуусун жаратты. Анткени, мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр КР Баш мыйзамына каршы келет. Демилгечилердин бири – депутат Надира Нарматова.

10-октябрда  конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору 1-окууда каралган. 17-октябрда КР Жогорку Кеңеши бул мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт.  Белгилей кетсек, Надира Нарматова мурунку чакырылыштарда да “чет элдик агент” түшүнүгүн киргизүү аракеттерин көргөн.  Нарматова эмнеге мындай демилгени көтөрүп жатат деген суроо туулат? 5-чакырылыштын депутаты кезинде ЖМКларда эл өкүлдөрүнүн байлыктары тууралуу материалдар чыгып жатканына кабатыр болгон. Журналисттер алардын тапшырган киреше жана мүлктөрү тууралуу декларацияларынын негизинде маалыматтарды жазышкан эле.

2022-жылдын 12-октябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Kaktus.media, Kloop и «Азаттык» редакцияларын жабуу тууралуу демилгесине кол топтоо ишин жүргүзгөн. Нарматова муну да мойнуна алган жок. Кесиптештери анын бул иш-аракеттерин тастыктап беришкен.

Социалдык түйүндөрдө Ош шаарында Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат депутат Надира Нарматовага таандык экендигин колдонуучулар жазып чыгып, “Политклиника” бул маалыматты текшерип тастыктаган. Чындыгында эле, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматтарына ылайык, имарат депутат айымга таандык. Чет элдик консулдук бул имаратты 2009-жылдан бери ижарага алып келет. Нарматова имаратка 2020-жылдан бери ээлик кылат.  Ошондо Надира Нарматова өзү чет элдик агент болуп калабы?!.

Нарматованын элден жашырган бизнестери…

Нарматованын мурда “Мээримбек” аттуу күйүүчү жана майлоочу материалдарды саткан бизнеси болгон.

Надира Нарматованын орунсуз демилгелери жана жоруктары

Мындан тышкары Юстиция министрлигинен алынган маалыматка ылайык, депутат Надира Нарматовага таандык кичи кредиттик “Элдос” аттуу компаниясы бар.

Надира Нарматованын орунсуз демилгелери жана жоруктары

Белгилей  кетсек, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамдарынын” негизинде депутатка жана анын  жакындарына бизнес менен алектенүүгө тыюу салынган.

Автор: Наргиза Нанакеева

Сүрөттө: Надира Нарматова Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты