Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму  өтөт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 16-ноябрда, Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт.

Иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат.

Өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын  негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери,  бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты