КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өттү

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму болуп өттү.

Ага тогуз өлкөнүн – Азербайжан, Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышты.

Бул КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин Кыргыз Республикасынын Шериктештиктеги төрагалыгынын алкагында быйылкы экинчи отуруму.

Делегациялардын башчылары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуунун жүрүшүндө КМШнын форматындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкка чоң көңүл бурулду.

Шериктештиктин элдери үчүн маанилүү дата болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле регионалдык кызматташуу, коопсуздук маселелери, эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы маселелер талкууланды.

Отурумда орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү жөнүндө келишимге, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун жана терроризмди каржылоонун тобокелдиктерин баалоо боюнча эл аралык борбор түзүү жөнүндө макулдашууга, КМШга катышуучу мамлекеттердин соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндө координациялык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ошондой эле 2024-2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын мамлекеттер аралык программасы бекитилди.

КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2024-жылдын 12-апрелинде Минск шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты