Бишкекте КМШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте Көз Карандысыз Шериктештер Мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылууда.

Ага тогуз өлкөнүн – Азербайжан, Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышууда.

Бул жолку отурумга Молдованын өкүлдөрү келген жок. Армениядан тышкы иштер министринин орун басары катышууда.

Министрлер Бишкекте 13-октябрда өтө турган президенттердин саммитинде карала турган маселелерди талкуулашат.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

Сүрөт: КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты