Кайсы категориядагы салык төлөөчүлөр КНС төлөөчү катары каттоодон өтүшү керек?

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн кайсы категориясы 2022-жылдын 28-январына чейин кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү катары каттоодон өтүшү керектиги боюнча түшүндүрмө берди.

Салык кызматынын билдирүүсүнө караганда, жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп эсептелбеген салык төлөөчү 2022-жылдын 28-январына чейин КНС төлөөчү катары катталуу же атайын салык режимине өтүү үчүн салык органына арыз берүүгө тийиш.

Бул мөөнөт аяктагандан кийин арыз бербеген салык төлөөчү 2022-жылдын 1-январынан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Жалпы салык режимине ылайык, иш жүргүзүүчү жана салык төлөөчү субъект салыктык каттоодон өткөн күнү КНС боюнча катталууга тийиш.

Коомдук фонддорго, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын долбоорлоруна, мекемелерине жана коммерциялык эмес уюмдар болуп саналган жана ишкердик ишин системалуу түрдө жүргүзбөгөн башка субъекттерге КНС төлөөчү катары каттоодон өтүү талабы коюлбайт. Мындай уюмдар жалпы салык режиминде каралган салык жеңилдиктеринен пайдаланат.

Мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийлигинин органдары, мамлекеттик бийликтин өзгөчө статусу бар органдары Конституцияда аталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана оюн-зоок, эс алуу же көңүл ачуу чөйрөсүндөгү ишмердигин кошпогондо, депозиттерди коргоо агенттиги пайда салыгын, салык салынуучу берүүлөргө КНСти, сатуу салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты