Дөөлөт Сыдыков жеке ишкер берген үйдөн баш тартты

  • 2 года мурун

Жеке ишкер Нургалы Асаналиев Кыргыз улуттук «Манас» театрынын 8 манасчысына батирлерди тартуу кылды. Алардын арасында өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков да бар экени кабарланган.

Бул кабардан кийин манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирүү жасады.

«Нургалы Асаналиев 8 манасчыга үй бериптир, анын ичинде мен дагы бар экенмин. Менин ысымымды кошуп койгон уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Бирок мен бардык нерсени Манас менен өлчөгөн кишимин. Манас айылында жетекчи болуп турганда биринчилерден болуп ушул Нургалы Асаналиев президенттин атынан жөөлөп келип «Манастын айылын бузам, ак үй салып парк кылам» дегенин көпчүлүк билет. «Манасыңдын бул жерде сөөгү бар беле, сен Манаска фанат экенсиң, Таласта турат го ордо, ошол эле жетет да, көлдүк абабызды колдоп коёлу, бир жолу бизден президент чыгып жатса» деген киши… Кийин барын танып, каратып туруп калп айтып, кайра башканы айтып мени каралагысы бар дагы. Бринчиден, мен антип бөлүнүп-жарылганды жаман көрөм, андай нерсе Манас атама дагы жакпайт! Менин эле эмес бүткүл кыргыздын атасы болгон Манас бабабызга карата шек келтирген сөздөрдү айтып, ишти талкалаган бул адамдын колунан мага эч нерсе кереги жок. Бериптир деп чуркап барчу киши мен эмесмин. Намыс кайда калат, абийир кайда калат? Кээ бирлердей болуп Манасты кошуп сатып жибергенден айырмам кайсы болот?!», — деп жазды.

Дөөлөт Сыдыков үйдүн сертификатын архитекторго берерин кошумчалады.

«Манас айылын кайра курабыз деп мамлекеттик денгээлде конкурс өткөргөндө талапка ылайык жеңүүчү болгон Мухтар Кушубаков деген архитектор жигиттин жасаган эмгегинин акчасын президенттик аппараттан бердирбей коюшту. Президент айтты демиш болуп биздин тандоону жокко чыгарышты. Эгер мага берилген сертификатыңар чын болсо, мен ошол сертификатты Мухтар Кушубаковго бердим. Менин атымдагы үйдү ошол жигит алсын, чын дилимден айтып жатам. Ошол жигит барат, каякка барат, каяктан алат, өздөрү дайындасын» деп жыйынтыктады.

Булак: Кактус kg

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты