“МИК батирлерди өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз.” Президент Жапаров МИК батирлери тууралуу
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) батирлеринин баасы кымбат болууда. Муну IV курултай делегаттары да белгиледи. «Кабар» агенттигине бүгүн, 5-январда, берген маегинде президент Садыр Жапаров МИК батирлериy тууралуу суроолорго жооп берди.
-Биринчиден, МИК аркылуу берилген турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Мисалы, Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кезекте турган жарандар үчүн батирдин 1 чарчы метринин баасы курулуш жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1 000 долларга чейин, “Социалдык”, “Жеңилдетилген” жана “Арзан” ипотека багыттары боюнча берилет.
“Социалдык ипотека” (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын камкорчулары) жана “Жеңилдетилген ипотека” (мугалимдер, дарыгерлер, жалпысынан мамлекеттик бюджеттен айлык алган жарандар) багыттары боюнча жылдык 4 % менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат. Ал эми “Арзан ипотека” (жеке тармакта иштеген жарандар) багыты боюнча жылдык 8% менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат.
“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 АКШ долларынан 1 400 АКШ долларына чейин.
Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элиталык” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот.
Белгилүү болгондой, үлүштүк негиздеги батирлер негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер үчүн сунушталат. Бул механизмде жарандар турак жай кезегине турбайт, анткени батирдин наркынын 50 %ын алгачкы төлөм катары дароо төлөшөт. Калган бөлүгү 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөнөт.
Базардагы бааны ала турган болсок, ошол эле райондогу жаңы курулуп жаткан, ремонту жок (котлован деңгээлиндеги) турак жайлардын 1 чарчы метри 2 000-3 000 долларга чейин жетет. Ал эми МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда.
МИК батирлерди өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз. Антпесе азыркыдай масштабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы обьектилерди улантуусуна жардам болууда,- деди Садыр Жапаров.
Президент маекте ошондой эле 2025-жылы 4662 үй-бүлө турак жай менен камсыздалганын айтты:
-2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулууда, алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр, -деди.
-2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде: Бишкек — 6 323, Чүй облусу — 3 129, Манас — 3 219, Ысык-Көл — 2 266, Ош облусу — 1 458, Ош шаары — 1 454, Баткен — 1 420, Нарын — 433, Талас — 319 батир.
Ошентип, биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат.
Бүгүнкү күндө компания миллиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Азыркы уставдык капиталы — 87,5 млрд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз.
Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат,—деди Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.
Иллюстрациялык сүрөт: gik.kg




