Жеке ишкер 8 манасчыга батир тартуулады  

Жеке ишкер Нургали Асаналиев манасчыларга эки бөлмөлүү 8 батирдин тартуулады. Азырынча батир тартуу кылуунун сертификаты берилди.   

Бул тууралуу «Көйкашка» коомдук фонду билдирди.

Батир үчүн сертификаттар манасчылар  Талантаалы Бакчиев, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу, Үмөт Болот уулуна берилди.

Ал эми манасчы Рысбай Исаков өзүнө берилген батирди жаш манасчы Нурбек Талантбековго тартуулады.

Белек сертификатын берүү аземи кечээ, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда «Балдар бизге аманат» аттуу иш-чарада өттү.

Сүрөттөр: «Көйкашка» коомдук фондунун Фейсбук баракчасынан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты